АКШдагы Браун университетинде ок атуудан каза болгон студенттердин бири Өзбекстандын жараны экени аныкталды
АКШнын Браун университетинде болгон ок атуу окуясынан каза тапкан эки студенттин бири Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон студент Мухаммад-Азиз Умурзоков экени такталган. Өзбекстандын ТИМинин басма сөз кызматынын жетекчиси Ахрор Бурханов маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
«Каргашалуу окуядан улам каза болгон студент Мухаммад-Азиз Умурзоковдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматтарга караганда, окуя университеттин инженердик жана физикалык бөлүмдөрүнүн биринчи кабатындагы класстардын биринде болгон. Куралчан адам эки жаранды атып өлтүрүп, дагы болжол менен 10 адамды жарадар кылган.
АКШнын президенти Дональд Трамп бул окуядан кабардар экенин билдирип, Федералдык укук коргоо органдары жергиликтүү кызматтарга жардам көрсөтүү үчүн тартылганын маалымдаган.
Эске салсак, кечээ, 14-декабрда Браун университетинде ок атуу болуп, эки адам каза тапканы кабарланган.