Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду
15.12.25 | 17:13
Бүгүн, 15-декабрда илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон. Министр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматтан алынган.
Белгилей кетсек, Бактияр Орозов аталган кызматка 7 ай мурда, тактап айтканда, ушул жылдын май айында дайындалган.
Редактор
Редактор
Поделиться: