Жарнама

Аламүдүн районунда дүкөнгө уурулук жасоого шектүү жаран кармалды

16.12.25 | 11:46
Аламүдүн районунда дүкөнгө уурулук жасоого шектүү жаран кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жеке менчик дүкөнгө уурулук жасоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-ноябрда белгисиз адам Таш-Дөбө айылында жайгашкан дүкөнгө терезе аркылуу кирип, 25 миң сом акча каражатын жана 200 миң сомдон ашык баадагы тамеки буюмдарын уурдап кеткен.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип, чет мамлекеттин 1966-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Е.С. аттуу жараны кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, райондук соттун чечими менен ага карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө иштери улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча