Аламүдүн районунда дүкөнгө уурулук жасоого шектүү жаран кармалды
Чүй облусунун Аламүдүн районунда жеке менчик дүкөнгө уурулук жасоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда белгисиз адам Таш-Дөбө айылында жайгашкан дүкөнгө терезе аркылуу кирип, 25 миң сом акча каражатын жана 200 миң сомдон ашык баадагы тамеки буюмдарын уурдап кеткен.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип, чет мамлекеттин 1966-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Е.С. аттуу жараны кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, райондук соттун чечими менен ага карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.
Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө иштери улантылууда.