Эртең, 17-декабрда өлкө аймагында кар жана жаан күтүлүүдө
16.12.25 | 15:21
Эртең, 17-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жана жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрге жетет.
Абанын температурасы аймактар боюнча төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнү: түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +5 ... +10;
- Талас жергеси: түнкүсүн -1 ... -3, күндүз +4 ... +6;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад: түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +6 ... +8;
- Нарын аймагы: түнкүсүн -10 ... -12, күндүз 0 ... +2;
- Бишкек шаары: түнкүсүн -1 ... +1, күндүз +8 ... +10.
Редактор
Редактор
Поделиться: