Балыкчы шаарынын четинен ок атуучу куралдар табылды
16.12.25 | 16:27
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын чет жакасынан Макаров тапанчасы жана револьвер түрүндөгү ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, табылган куралдардын номерлери атайылап өчүрүлгөн. Атайын кызмат алардын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык экенин аныктаган. Куралдар кылмыштуу ишмердүүлүктү жүргүзүү максатында мыйзамсыз алынганы белгиленди.
Учурда курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана сатууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: