Жарнама

Балыкчы шаарынын четинен ок атуучу куралдар табылды

16.12.25 | 16:27
Балыкчы шаарынын четинен ок атуучу куралдар табылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын чет жакасынан Макаров тапанчасы жана револьвер түрүндөгү ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, табылган куралдардын номерлери атайылап өчүрүлгөн. Атайын кызмат алардын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык экенин аныктаган. Куралдар кылмыштуу ишмердүүлүктү жүргүзүү максатында мыйзамсыз алынганы белгиленди.

Учурда курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана сатууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча