Жарнама

Балыкчыда бир тууганын бычак менен сайган жаран кармалды

16.12.25 | 17:32
Балыкчыда бир тууганын бычак менен сайган жаран кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Балыкчы шаарында 39 жаштагы жаран бир тууган агасын бычак менен сайган делип кармалды. Бул тууралуу 16-декабрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-декабрга караган түнү шектүүнүн үйүндө болгон. Ал мас абалда турган учурда бир тууган агасы да анын үйүнө келген. Натыйжада, пикир келишпестик жаралып, иниси агасын ашкана бычагы менен курсагынын оң тарабына сайып жиберген. Жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ага операция жасалган.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Сот шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча