Балыкчыда бир тууганын бычак менен сайган жаран кармалды
16.12.25 | 17:32
Балыкчы шаарында 39 жаштагы жаран бир тууган агасын бычак менен сайган делип кармалды. Бул тууралуу 16-декабрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 14-декабрга караган түнү шектүүнүн үйүндө болгон. Ал мас абалда турган учурда бир тууган агасы да анын үйүнө келген. Натыйжада, пикир келишпестик жаралып, иниси агасын ашкана бычагы менен курсагынын оң тарабына сайып жиберген. Жабырлануучу Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ага операция жасалган.
Факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Сот шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: