Айбийке Уланбек кызы Бразилияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утту
17.12.25 | 09:40
Кыргызстандык парадзюдочу Айбийке Уланбек кызы Бразилияда өткөн IBSA Judo Grand Prix San Paulo — 2025 эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Дзюдо федерациясы билдирди.
Айбийке 52 килограмм салмак даражасында таймашып, Тайвань, Мексика жана Швейцария өлкөлөрүнөн келген атаандаштарын жеңип чыкты.
Редактор
Редактор
Поделиться: