Жарнама

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган ишкер кармалды

17.12.25 | 11:09
Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган ишкер кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун системалуу түрдө каржылоого катышкан деген шек менен С.К.К. аттуу ишкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү жоюлган мыйзамдагы ууру Камчы Асанбек менен тыгыз байланышта болуп, Ош шаарынын жана Ош облусунун калкынын арасында колдоого ээ болуу, өзүнүн таасирин күчөтүү максатында Камчы Асанбекке жана К. Досоновго ай сайын белгилүү өлчөмдө акча каражатын которуп турган.

Мындан тышкары, алардын колдоосу менен шектүү Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөнү аныкталган.

Ошондой эле, Асанбек менен Досоновдун көмөгү аркылуу С.К.К. өзүнө жакпаган адамдарга карата физикалык таасир көрсөтүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн «кызматтарына» кайрылып турганы белгиленет.

Учурда ишкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тиешелүү тергөө иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча