Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон мамлекеттик туу көтөрүлдү
Бүгүн Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аземге президенттин облустагы өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев баштаган жетекчилер, ошондой эле шаар тургундары катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы мамлекеттик тууну көтөрүү аземи эгемендүүлүктүн жана келечекке болгон ишенимдин символу экенин белгиледи.
«Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөрүү аземинин өтүп жатышы – бул эгемендүүлүгүбүздүн жана келечекке болгон ишенимибиздин белгиси. Ал ар бир кыргызстандыкты мекенге болгон сүйүүгө жана жоопкерчиликке үндөйт», — деди ал.
Маалыматка ылайык, 35 метрлик желек сап жана ага тиешелүү инфраструктура Баткен шаарындагы «Жаштык» жана «Жеңиш» эс алуу парктарын реконструкциялоо долбоорунун алкагында курулган. Долбоор АРИС уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Баткен облусун регионалдык экономикалык өнүктүрүү» программасынын негизинде каржыланган.