Коргоо министрлигинин айрым кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө
УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттерин аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштери 11-декабрда жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө пара алуу жана кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталган.
Тактап айтканда, 2024-жылы Улуттук аскер лицейин бүтүргөн абитуриент ЖРТдан 108 упай алганына карабастан, анын көрсөткүчү документтерде 129 упай деп жасалмаланып, аскердик жогорку окуу жайга мыйзамсыз кабыл алынган. Бул кызмат үчүн абитуриенттин апасы аркылуу жооптуу кызмат адамдарына жалпысынан 4500 доллар берилгени белгилүү болду.
Соттун чечими менен Коргоо министрлигинин кызматкери, майор А.А. эки айга №1 тергөө абагына камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.