Ала-Арча жаратылыш паркында 3 баллдык жер титирөө катталды
18.12.25 | 10:16
Бүгүн, 18-декабрда түнкү саат 03:03тө Ала-Арча жаратылыш сейил багынын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кашка-Суу айылынан 22 чакырым түштүк-батышта, ал эми Бишкек шаарынан 45 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес. Зыян же жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Редактор
Редактор
Поделиться: