Жарнама

Москвадагы адам өлтүрүүгө шектелген жаран Кадамжайдан кармалды

18.12.25 | 12:19
Москвадагы адам өлтүрүүгө шектелген жаран Кадамжайдан кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Орусиянын Москва облусунда бир нече жыл мурда катталган адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран Баткен облусунун Кадамжай районунан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Москва облусунда адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши эл аралык конвенциянын негизинде Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Аталган иш үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө катталган.

Тергөө материалдарына ылайык, шектүү — Кадамжай районунун 45 жаштагы тургуну. Ал Москва облусунда чыккан чыр-чатак учурунда 1973-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранга бычак менен сокку уруп, анын өлүмүнө себепкер болгон.

Орусиянын тергөө органдары тарабынан күнөөсү далилденгенден кийин, кылмыш иши Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү Кадамжай аймагынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча