Жарнама

Өлкөдө коомдук тамактануу жайларын, медборборлорду жана сулуулук салондорун алдын ала эскертүүсүз текшерүү сунушталууда. Макулсузбу?

18.12.25 | 17:12
Өлкөдө коомдук тамактануу жайларын, медборборлорду жана сулуулук салондорун алдын ала эскертүүсүз текшерүү сунушталууда. Макулсузбу? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда коомдук тамактануу объектилерин, жеке медициналык борборлорду жана сулуулук салондорун алдын ала эскертүүсүз текшерүү демилгеси көтөрүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги бул сунуштун бир нече негизги себептерин түшүндүрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ысык-Көл аймагындагы көптөгөн сезондук кафелер, чатырлар жана павильондор тиешелүү көзөмөлсүз иштеп келет. Ал жайларда тамак-аш даярдоо эрежелери сакталбай, азык-түлүктү туура сактоо, жеке гигиена талаптары бузулууда. Ошондой эле кызматкерлердин көпчүлүгү милдеттүү медициналык кароодон өтпөй иштеп жатышат.

Мындан тышкары, сезондук объектилер кыска мөөнөткө гана ачылгандыктан, аларды өз убагында текшерип үлгүрүү мүмкүн болбой калууда.

Саламаттык сактоо министрлиги жеке медициналык борборлордо, стоматологиялык кабинеттерде жана медициналык манипуляциялар жүргүзүлгөн сулуулук салондорунда да олуттуу кемчиликтер бар экенин белгилейт. Атап айтканда, жайлардын зоналдуулугу сакталбай, санитардык-эпидемиологиялык режимдер бузулуп жатат.

Ошондой эле мыйзамга ылайык, жаңы ачылган ишканаларды алгачкы үч жыл ичинде текшерүүгө тыюу салынган. Бул болсо эпидемиологиялык тобокелдик жогору болгонуна карабастан, көзөмөл жүргүзүүгө тоскоол болууда. Андан сырткары, ишкерлер ишин баштаганы тууралуу тиешелүү органдарга билдирүүгө милдеттүү эмес. Натыйжада айрым объектилер 3–7 жыл аралыгында такыр көзөмөлсүз калууда.

Мындан тышкары, текшерүү болору тууралуу 10 күн мурда эскертүү берүү натыйжасыз экени белгиленүүдө. Себеби ишкерлер инспекторлордун келерине алдын ала даярданып, текшерүү формалдуу мүнөздө өтүп калат. Натыйжада көптөгөн объектилер реалдуу көзөмөлсүз калып, калктын өмүрүнө жана саламаттыгына олуттуу коркунуч жаралууда.

Эскерте кетели, сурамжылоого бир телефондон бир гана добуш кабыл алынат. Сурамжылоо ачык-айкын, бурмалоосуз жүргүзүлөт жана ал сурамжылоого катышкандардын гана пикирин билдирерин эске салабыз. 

Жыйынтыгы 25-декабрь күнү саат 15:00дө чыгарылат. 

Өлкөдө коомдук тамактануу жайларын, медборборлорду жана сулуулук салондорун алдын ала эскертүүсүз текшерүү сунушталууда. Макулсузбу?

Туура, колдойм
75%
Каршымын
25%
Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча