Жарнама

Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектүү жаран кармалды

19.12.25 | 09:27
Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектүү жаран кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2004-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран кармалып, анын шымынын чөнтөгүнөн баңгизатка мүнөздүү жыты бар, кара түстөгү термоусадкалык плёнкага оролгон үч ором табылып алынган.

Андан тышкары, ал мурда өзү жашырып койгон жерлерди ыктыярдуу көрсөтүп берген. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал жерлерден ушул сыяктуу 27 ором табылып, алынган. Жалпысынан алынган баңгизаттын салмагы 57,39 граммды түзгөн.

Азыркы тапта шектүү убактылуу кармоочу жайда отурат. Тергөөнү Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы улантууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча