Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектүү жаран кармалды
Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2004-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран кармалып, анын шымынын чөнтөгүнөн баңгизатка мүнөздүү жыты бар, кара түстөгү термоусадкалык плёнкага оролгон үч ором табылып алынган.
Андан тышкары, ал мурда өзү жашырып койгон жерлерди ыктыярдуу көрсөтүп берген. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал жерлерден ушул сыяктуу 27 ором табылып, алынган. Жалпысынан алынган баңгизаттын салмагы 57,39 граммды түзгөн.
Азыркы тапта шектүү убактылуу кармоочу жайда отурат. Тергөөнү Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы улантууда.