Чүй облусунда жер сатуу боюнча ири алдамчылык фактысы аныкталды
19.12.25 | 16:47
Чүй облусунда 20 сотых жер тилкесин сатуу шылтоосу менен жаранды ири өлчөмдө алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу 19-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 1985-жылы туулган К.Э. аттуу жаран Беловодское жана Александровка айылдарынан жер сатам деп А.К. аттуу жарандан 12 миң АКШ долларын (1 млн 440 миң сом) алып, бирок убадаланган тилкени каттоодон өткөргөн эмес.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, шектүү мурда бир нече жолу соттолгону аныкталды. Ал учурда убактылуу кармоочу жайда, тергөө иштери уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: