Жарнама

IV Элдик курултай жаңы форматта өтөт

22.12.25 | 14:35
IV Элдик курултай жаңы форматта өтөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Быйылкы IV Элдик курултай мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөчө форматта өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын пенсионерлер союзунун төрагасы, курултайдын делегаты Эсенгул Исаков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, курултай башталардан бир күн мурда – 24-декабрда делегаттар министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушууларды өткөрүшөт. Ал жерде ар бир делегат өзүнүн аймактык, социалдык же тармактык маселелерин кагаз жүзүндө берип, мамлекеттик органдардан түз жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Мурда делегаттар фойеде министрлерди күтүп, жыйындын жүрүшүн толук укпай калчу. Бул жолу андай болбойт. Президенттин жылдык отчёту да угулат. Жыйындын сапатын жогорулатуу үчүн атайын убакыт бөлүндү”, — деди Исаков.

Курултайга 700гө жакын делегат катышат. Иш-чарада президент Садыр Жапаров жылдык кайрылуусу менен чыгып сүйлөйт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча