Жарнама

2025-жылы президент Садыр Жапаров тарыхта биринчи жолу үч өлкөгө расмий сапар жасады

23.12.25 | 12:11
2025-жылы президент Садыр Жапаров тарыхта биринчи жолу үч өлкөгө расмий сапар жасады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2025-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарыхта биринчи жолу бир жыл ичинде үч өлкөгө расмий сапар менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы алгач 21-22-апрелде Бахрейн Падышалыгына барган. Бул өлкөгө Кыргызстандын президентинин алгачкы расмий сапары болду. Сапар учурунда саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдар алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.

Андан кийин 24-25-июнда Садыр Жапаров Малайзияга сапар жасады. Бул Малайзияга Кыргызстандын президентинин акыркы 30 жылдагы алгачкы расмий сапары болду. Негизги көңүл соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, санариптештирүү, билим берүү жана адал индустрия чөйрөсүндөгү кызматташууга бурулду.

4-5-ноябрда Садыр Жапаров Египетке расмий сапар менен барды. Бул сапар Кыргыз-Египет мамилелеринин тарыхында алгачкы жолу болуп өттү. Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен өткөн сапар учурунда саясий диалогду бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, туризм жана эл аралык аренадагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Эксперттердин баамында, бул сапарлар Кыргызстандын тышкы саясатындагы байланыштарды өнүктүрүүдө жана эл аралык өнөктөштүктүн географиясын кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп калды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча