Жарнама

Депутат Камила Талиева баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады

23.12.25 | 14:30
Депутат Камила Талиева баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева баатыр энелерге берилген жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 23-декабрда өткөн парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, учурда өлкөдө 34 миң 764 баатыр эне бар. Ал бул багытта тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап жатканын белгиледи.

«Баатыр энелер пенсияларынын аздыгын, кошумча жеңилдиктердин жоктугун айтып кайрылышууда. Азыркы инфляция шартында алардын пенсиясы жашоого жетишсиз болуп калды. Жөлөкпулду көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорум даяр, биргелешип иштешели», — деп Камила Талиева Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылды.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жумушчу топ түзүлүп, мыйзам долбоорун дыкат иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча