Депутат Камила Талиева баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева баатыр энелерге берилген жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 23-декабрда өткөн парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, учурда өлкөдө 34 миң 764 баатыр эне бар. Ал бул багытта тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап жатканын белгиледи.
«Баатыр энелер пенсияларынын аздыгын, кошумча жеңилдиктердин жоктугун айтып кайрылышууда. Азыркы инфляция шартында алардын пенсиясы жашоого жетишсиз болуп калды. Жөлөкпулду көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорум даяр, биргелешип иштешели», — деп Камила Талиева Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылды.
Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жумушчу топ түзүлүп, мыйзам долбоорун дыкат иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди.