Мексиканын Аскер-деңиз флотунун учагы Техаста кырсыкка учурады
23.12.25 | 15:16
Мексиканын Аскер-деңиз флотуна таандык учак медициналык миссия менен учуп бара жатып АКШнын Техас штатындагы Галвестон шаарына жакын жерде кырсыкка учурады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги ТАССка таянып жазды.
Маалыматка ылайык, кырсык эл аралык Скоулз аэропортунун аймагында катуу туманга байланыштуу болгон. Техастагы The Daily News басылмасы билдиргендей, учак Мексиканын Монтеррей шаарынан Галвестон шаарына багыт алган.
Бортто эки учкуч, алты жүргүнчү жана бир бала болгон. Учак Галвестон булуңуна кулап түшкөнү маалымдалды.
Окуядан кийин Мексиканын жана АКШнын тиешелүү кызматтары тарабынан издөө-куткаруу иштери башталган.
Редактор
Редактор
Поделиться: