Депутат Дастан Бекешев мектептердеги ажатканалардын абалын текшерүүнү сунуштады
Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Дастан Бекешев өлкөдөгү бардык мектептердеги ажатканалардын абалын текшерүү сунушун көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, көпчүлүк билим берүү мекемелеринде ажатканалардын абалы талапка жооп бербейт. Ал бул маселе окуучулардын коопсуздугуна жана саламаттыгына түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
«Мектептердеги ажатканалардын абалы начар. Окуучулар мындай шартта окубашы керек. Класстар оңдолгон, бирок ажатканаларга киргенде уялып каласың. Бардык мектептер боюнча текшерүү жүргүзүүнү суранам», — деди депутат.
Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул маселе боюнча тиешелүү тапшырмалар берилерин жана текшерүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Анын айтымында, мектептердеги санитардык шарттар келерки жылы текшерүүдөн өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы №37 мектептин окуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылып, мектептеги ажаткана оңдоого муктаж экенин билдиришкен. Алар ажаткананын терезелери ачык, кабиналардын эшиктери жок жана раковинанын астынан суу токтобой агып турарын айтып чыгышкан. Көп өтпөй бул маселе боюнча Бишкек мэриясы расмий билдирүү тараткан.