Жарнама

Жогорку Кеңештин алты комитети республикалык бюджет мыйзам долбоорлорун үч окууда жактырды

23.12.25 | 17:07
Жогорку Кеңештин алты комитети республикалык бюджет мыйзам долбоорлорун үч окууда жактырды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун карап, үч окууда жактырды.

Документ төмөнкү комитеттерде колдоого алынды:

  • Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитет;
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;
  • Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитет;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитет;
  • Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет;
  • Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитет.

Биргелешкен жыйынга премьер-министр Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинети катышты.

Жыйынтыгында төмөнкү мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды:

  • «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр;
  • «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Мыйзам.

Белгилей кетсек, Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жана Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет өзүнчө карады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча