Жарнама

Бишкекте аял киши мурунку жолдошунун колунан каза тапты

24.12.25 | 09:08
Бишкекте аял киши мурунку жолдошунун колунан каза тапты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кечээ, 23-декабрда саат 21:00 чамасында Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде аял киши каза болду. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 102 кызматына билдирүү түшкөндөн кийин окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барган. Алдын ала аныкталгандай, 1978-жылы туулган У.Ж. менен анын мурунку жубайы — 1977-жылы туулган У.Б. аттуу аялдын ортосунда оозеки чыр чыккан.

Чыр-чатак учурунда эркек киши өзүнө катталган «МР-79» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен аялды атып жиберген. Аял алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү кылмыштан кийин дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча