Кеминде Кыргызстандын алгачкы күн электр станциясы ишке кирди
Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаров Кемин шаарында 100 мегаватт кубаттуулуктагы Кыргызстандын биринчи күн электр станциясынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Жапаров күн жана шамал сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарынан электр кубатын өндүрүү — мамлекеттин негизги стратегиялык багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
“Күн электр станциясы – энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоонун жаңы этабы. Мындан ары чакан ГЭСтер менен катар, күн жарыгынан да электр кубатын алабыз. Бул – тарыхый күн, экономика үчүн чоң мүмкүнчүлүк”,— деди президент.
Жаңы станция “Этернал Энергия” компаниясынын инвестициясы менен курулуп, долбоордун жалпы баасы 56 миллион долларды түзгөн. Жылына болжол менен 210 миллион кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт.
Мамлекет башчысы кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү — Кыргызстандын энергия көз карандысыздыгына жана экологиялык туруктуулугуна чоң салым кошорун кошумчалады.