Грузияда жаңы жылдык балаты күйүп кетти
24.12.25 | 15:42
Грузиянын Гардабани шаарында жаңы жылдык башкы балаты күйүп кетип, шаарда электр жарыгы убактылуу өчүрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 22-декабрда балатыны жандыруу аземи учурунда катталган. Салтанат маалында балаты толугу менен күйүп, иш-чарага келген жарандар коопсуз жайга эвакуацияланган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт балатыны электр жарыгына туташтыруу учурундагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам чыккан.
Грузиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Ал эми полиция кызматы бул факт боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштерин баштады.
Редактор
Редактор
Поделиться: