Жарнама

Жогорку Кеңеш республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды

24.12.25 | 15:56
Жогорку Кеңеш республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджетке байланыштуу мыйзам долбоорлору каралып, үч окууда кабыл алынды. Отурумга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты.

Жыйында депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө ар кыл тармактардагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, сунуштарын айтып, суроолоруна жооп алышты.

Ошондой эле отурумда 2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет угулду.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча