Жогорку Кеңеште мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштыруудан түшкөн акча талкууланды
24.12.25 | 17:02
Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштыруудан бюджетке канча акча түшкөнүнө кызыкты.
Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов 1 миллиард 800 миллион сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирди. Маматалиев мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандарга кайрадан мүмкүнчүлүк түзүп берүү сунушун жасады.
Асылкулов бул боюнча кайрылуулар түшүп жатканын, бирок мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандардын так саны азырынча такталбаганын белгиледи. Так маалымат алынса, тиешелүү сунуштар караларын кошумчалады. Эл өкүлү тактоо ишине жардам көрсөтөрүн убадалап, мындай жарандарга колдоо көрсөтүү зарыл экенин кайталады.
Редактор
Редактор
Поделиться: