Жарнама

Бишкекте IV Элдик курултай ишин баштады

25.12.25 | 10:01
Бишкекте IV Элдик курултай ишин баштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарында IV Элдик курултай өз ишин баштады. Иш-чара Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасайт. Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалымат берет. Ал эми 26-декабрда 2025-жылдагы курултайдын жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга коюла турган негизги милдеттер аныкталат.

Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген 700 делегат катышууда. Бул жылы курултайдын ишин натыйжалуураак уюштуруу максатында кошумча бир күн киргизилди. Анын алкагында делегаттар 24-декабрдан тарта министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугуп, актуалдуу маселелерди талкуулай башташкан.

Жолугушуулар Опера жана балет театрында өткөн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча