Бишкекте IV Элдик курултай ишин баштады
Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарында IV Элдик курултай өз ишин баштады. Иш-чара Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.
Курултайда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасайт. Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалымат берет. Ал эми 26-декабрда 2025-жылдагы курултайдын жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга коюла турган негизги милдеттер аныкталат.
Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген 700 делегат катышууда. Бул жылы курултайдын ишин натыйжалуураак уюштуруу максатында кошумча бир күн киргизилди. Анын алкагында делегаттар 24-декабрдан тарта министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугуп, актуалдуу маселелерди талкуулай башташкан.
Жолугушуулар Опера жана балет театрында өткөн.