Жарнама

Садыр Жапаров: "Тоолуу аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө убада кылынган төлөмдөр берилет"

25.12.25 | 14:33
Садыр Жапаров: "Тоолуу аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө убада кылынган төлөмдөр берилет" КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган, көп балалуу үй-бүлөлөргө өкмөт убада кылган каражаттар сөзсүз берилерин билдирди.

Анын айтымында, бул демилге өлкөнүн демографиялык өсүшүн колдоо максатын көздөйт.

"Бул мамлекет үчүн чоң чыгым, бирок келечегибиз үчүн маанилүү кадам. Бишкек же башка шаарларда жашагандар муну туура эмес түшүнүп алышпасын, кеп тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандар тууралуу болуп жатат", — деди Жапаров.

Эске салсак, “Бала береке” аттуу бир жолку жөлөк пул берүү тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы 2023-жылдын 23-декабрында кол койгон. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ар бир бала үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй көлөмдө берилет:

- 4-балага — 100 000 сом  

- 5-балага — 600 000 сом  

- 6-балага — 800 000 сом  

- 7-балага — 1 миллион сом  

- 8-балага — 1,2 миллион сом  

- 9-балага — 1,5 миллион сом  

- 10 жана андан кийинки балага — 2 миллион сом.

Өлкө башчысынын билдирүүсүндө, бул жардам программасы туруктуу жашаган тоолуу аймактар үчүн гана каралган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча