Зардалы айылына баруучу унаа жолу толук бүткөрүлдү
25.12.25 | 17:37
Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына алып барган Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы жолунун курулушу толук аяктаганын билдирди.
Анын айтымында, жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт. Анын ичинен 7,5 чакырым бөлүгүндө кеңейтүү жана жардыруу иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, 30 метрлик көпүрө да курулган.
Бул жолдун бүткөрүлүшү менен кыш мезгилинде жетүү кыйын болгон Зардалы айылынын тургундары үчүн жол инфраструктурасы жакшыртылып, байланыш толук калыбына келтирилди.
Редактор
Редактор
Поделиться: