Жарнама

Сирия жаңы валютасын жүгүртүүгө чыгарды

26.12.25 | 10:12
Сирия жаңы валютасын жүгүртүүгө чыгарды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Сирияда жаңы улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкынын төрагасы Абдулкадир аль-Хасрия социалдык тармактагы билдирүүсүндө маалымдады.

Анын айтымында, президенттин жарлыгы менен кабыл алынган бул чечим Сириянын экономикалык жана финансылык көз карандысыздыгын чыңдоого багытталган.

«Жаңы валюта өлкө үчүн маанилүү улуттук окуя. Бул өзгөрүү экономикалык калыбына келүү жана акча-кредит тармагында жаңы доорду баштоого жол ачат», — деп белгиледи аль-Хасрия.

Банк өкүлдөрү валютанын так кандай формада болору жана кайсы датада жүгүртүүгө толук киргизилери боюнча кошумча маалымат берерин билдиришти.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча