Жарнама

Калифорнияда Рождество алдында катуу бороон болуп, суу ташкыны катталды

26.12.25 | 10:38
Калифорнияда Рождество алдында катуу бороон болуп, суу ташкыны катталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

АКШнын Калифорния штатында Рождество майрамынын алдында болгон катуу бороон нөшөрлөгөн жамгырга жана суу ташкынына алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. 

Маалыматка ылайык, Түштүк Калифорниянын бир катар аймактарында катуу жаан жаап, суу каптоо жана жер көчкү учурлары катталган. Айрым райондордо жүздөгөн тургундар коопсуздук максатында үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Тоолуу аймактарда баткак, таш жана таштандылар турак жайларды каптаган.

АКШнын Улуттук аба ырайы кызматы учурда да “өмүргө кооптуу атмосфералык шарттар” уланып жатканын эскертип, бул көрүнүш сейрек кездешүүчү “атмосфералык дарыя” кубулушу менен байланыштуу экенин белгиледи.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом алты округда өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Бул чечим куткаруу кызматтарын ыкчам жайгаштырууга жана кошумча ресурстарды тартууга мүмкүндүк берет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, Түштүк Калифорнияда адатта декабрь айында 2,5 сантиметрге чейин гана жаан жаайт. Бирок бул аптада айрым аймактарда 10–20 сантиметрге чейин, ал эми тоолуу райондордо мындан да көп жаан-чачын күтүлүүдө.

Бороон бир аз басаңдаганы менен, адистер Рождество майрамы күндөрү дагы нөшөрлөр жана күн күркүрөшү коштолгон катаал аба ырайы кайталанышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Бул шартта сел жана жер көчкү коркунучу сакталып турат.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Калифорнияда кеминде эки адам каза болгон. Учурда өзгөчө кырдаал кызматтары элди коргоо жана мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу иштерин улантууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча