Жарнама

Бишкекте мас абалда жол кырсыгын жасап качкан айдоочу кармалды

26.12.25 | 11:54
Бишкекте мас абалда жол кырсыгын жасап качкан айдоочу кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында мас абалда жол-транспорт кырсыгын жасап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен шектүү айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-декабрда саат 23:58 чамасында кайгуул кызматтарына Subaru үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кырсыгын жасап, белгисиз тарапка качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган унаанын айдоочусу аныкталып, кармалган. Бирок ал видео көзөмөл камералары бар экенине карабастан, кырсык болгон учурда унааны өзү башкарганын четке каккан.

Учурда транспорт каражаты айып короого токтотулуп, айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу боюнча протоколдор түзүлдү. Окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча