Жарнама

Өрт коопсуздугу эрежелерин бузгандарга 15 миллион сомдон ашык айып пул салынды

26.12.25 | 12:12
Өрт коопсуздугу эрежелерин бузгандарга 15 миллион сомдон ашык айып пул салынды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, жыл ичинде 12 753 объект текшерилип, 54 181 өрт коопсуздугу боюнча бузуу аныкталган. Эскертүүлөрдү аткарбагандарга салынган айып пулдун жалпы суммасы 15 миллион 800 миң сомду түзгөн.

ӨКМдин маалыматына караганда, көпчүлүк жарандар турак үйлөрдү жана бизнес имараттарды курууда өрт коопсуздугунан мурда имараттын заманбап жасалгалоосуна жана дизайнердик кооздугуна көңүл бурушат. Анын натыйжасында электр жабдууларын орнотууда жана оңдоодо ката кетиришет.

Министрлик имаратка электр жарыгын туташтырууда жабдуулардын, чубалгылардын жана башка орнотмолордун туура коюлушун камсыз кылуу маанилүү экенин эскертти.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча