Жарнама

"Сизо - курорт эмес". Президент Жапаров тергөө абагындагы шарттарга токтолду

26.12.25 | 15:22
"Сизо - курорт эмес". Президент Жапаров тергөө абагындагы шарттарга токтолду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда тергөө абагындагы шарттарга токтолуп, акыркы мезгилдеги өзгөрүүлөр тууралуу айтты.

Маалыматка ылайык, курултайда Оштон келген делегат Айсалкын Карабаева тергөө абагында жылыткычтарды колдонууга уруксат берилбей жатканын жана шарттарды жакшыртууну сураган.

Президент Жапаров бул маселеге байланыштуу: «СИЗО курорт эмес. Күнү-түнү жылыткычты иштетүүгө уруксат бербейбиз, электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек. Имараттагы жылуулук жетиштүү», — деди. Ал өзүнүн тажрыйбасын да айтып, мурда камалып чыкканын, бирок бир жолу да даттанбаганын белгиледи.

Ошондой эле Жапаров акыркы кезде абакта отурган жарандар иш менен камсыз болуп, тиешелүү маяна алып жатышканын кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча