Жарнама

Чүйдө бейбаштыкка шектелген үч адам кармалды

26.12.25 | 15:37
Чүйдө бейбаштыкка шектелген үч адам кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу 26-декабрда облустун ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда Каинда шаарында жайгашкан "Легаси" автомойкасынын жанында белгисиз адамдар жергиликтүү тургун М.Т. жана анын туугандары М.А., М.Т.га эч кандай себепсиз физикалык зомбулук көрсөткөн. Окуядан кийин шектүүлөр качып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган С.Т., 1996-жылы туулган Ж.Н. жана 1997-жылы туулган Т.А. аныкталып, КЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча