Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды
29.12.25 | 10:45
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Бул чечим Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүнүн негизинде кабыл алынганын өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев төмөнкү мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:
- “Кыргыз Республикасынын Баатыры” — Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;
- II даражадагы “Манас” ордени;
- “Данакер” ордени;
- “Даңк” медалы.
Белгилей кетсек, аталган жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Редактор
Редактор
Поделиться: