Мексикада поезд рельстен чыгып, 13 адам каза болду
Мексиканын Охака штатындагы Нисанда калктуу конушунун жанында 28-декабрда жүргүнчү поезди рельстен чыгып, ири кырсык катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өлкө президенти Клаудия Шейнбум X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Аскер-деңиз күчтөрүнүн министринин маалыматына таянып, кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болуп, 98 киши жаракат алганын билдирди. Анын ичинен бешөөнүн абалы оор экени айтылды.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар Матиас-Ромеро, Салина-Крус, Хучитан жана Икстепак шаарларындагы медициналык мекемелерге жеткирилген.
Поездде жалпысынан 241 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон. Ал эки локомотивден жана төрт жүргүнчү вагонунан турганы белгиленди.
Окуя болгон жерге Аскер-деңиз күчтөрүнүн министри Раймундо Педро Моралес Анхелес жөнөтүлүп, учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.