Жарнама

Мексикада поезд рельстен чыгып, 13 адам каза болду

29.12.25 | 11:18
Мексикада поезд рельстен чыгып, 13 адам каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Мексиканын Охака штатындагы Нисанда калктуу конушунун жанында 28-декабрда жүргүнчү поезди рельстен чыгып, ири кырсык катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өлкө президенти Клаудия Шейнбум X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Аскер-деңиз күчтөрүнүн министринин маалыматына таянып, кырсыктын кесепетинен 13 адам каза болуп, 98 киши жаракат алганын билдирди. Анын ичинен бешөөнүн абалы оор экени айтылды.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар Матиас-Ромеро, Салина-Крус, Хучитан жана Икстепак шаарларындагы медициналык мекемелерге жеткирилген.

Поездде жалпысынан 241 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон. Ал эки локомотивден жана төрт жүргүнчү вагонунан турганы белгиленди.

Окуя болгон жерге Аскер-деңиз күчтөрүнүн министри Раймундо Педро Моралес Анхелес жөнөтүлүп, учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча