Жарнама

Борбордук Африка Республикасында президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү

29.12.25 | 11:36
Борбордук Африка Республикасында президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Борбордук Африка Республикасында күн мурун жалпы шайлоолор болуп өттү. Жарандар өлкө президентин, ошондой эле парламенттин, аймактык жана муниципалдык кеңештердин депутаттарын шайлашты. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, азыркы президент Фостен-Арканж Туадера алдыда келе жатат. Ал 2016-жылдан бери эки мөөнөт өлкө башчысы болуп иштеп, үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин койгон.

Анын негизги атаандаштары катары оппозиция өкүлдөрү — Анисе-Жорж Дологуэле жана Анри-Мари Дондра көрсөтүлүүдө. Дологуэле 1999–2001-жылдары, ал эми Дондра 2021–2022-жылдары өлкөнүн премьер-министри кызматын аркалаган. Туадера үчүн эң олуттуу атаандаш катары Дологуэле саналууда. Ал буга чейин 2016 жана 2020-жылдардагы шайлоолорго да катышкан.

Маалыматка ылайык, 5,5 миллион калкы бар өлкөдө болжол менен 2,4 миллион жаран добуш берүү укугуна ээ.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү коомдук-саясий абал 2013-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен куралдуу топтордун ортосундагы тирештен улам татаал бойдон калууда. Буга байланыштуу президент Туадера буга чейин берген маегинде жарандарды туруктуу мамлекеттик институттарды колдоого чакырган.

“Биздин өлкө бийлик алмашуулардан азап тартып келди. Бул процесс дээрлик ар он жылда кайталанууда. Мен элди туруктуу мамлекеттик институттар жана гүлдөгөн өлкө үчүн добуш берүүгө чакырам”, — деген ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча