30-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот
29.12.25 | 13:24
Эртең, 30-декабрда, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5°, күндүз +8…+13°;
- Талас облусунда түнкүсүн +1…+3°, күндүз +9…+11°;
- Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+3°, күндүз +11…+13°;
- Нарын облусунда түнкүсүн -17…-19°, күндүз -6…-8°;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +3…+5°, күндүз +11…+13°.
Редактор
Редактор
Поделиться: