Жарнама

Ошто милициянын кайгуул кызматына 5 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

29.12.25 | 13:38
Ошто милициянын кайгуул кызматына 5 жаңы кызматтык унаа тапшырылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 29-декабрда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө президенттин атынан «Changan» үлгүсүндөгү 5 кызматтык унаа расмий түрдө тапшырылды. Кызматтык унаалардын ачкычтарын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырганын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосунун алкагында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэриясынын атынан милицияга 7 кызматтык унаа белекке берилген. Ошондой эле шаар аймагына видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн 5 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча