Жарнама

УКМК мыйзамсыз мүлк ээлеген шектүүнү кармады

29.12.25 | 13:49
УКМК мыйзамсыз мүлк ээлеген шектүүнү кармады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 29-декабрда, УКМК президент жана төрага менен жакын үй-бүлөлүк байланыш бар деп шылтоолоп, башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган жаранды кармаганын атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, шектүү С.У. 2022-жылы чыгарылган Toyota Tundra үлгүсүндөгү унааны (базар баасы болжол менен 65 миң доллар) жана 2011-жылкы Mercedes-Benz A-class унаасын (15 миң доллар) алдап өзүнө каттаган.

Мыйзамдуу ээси унааларды кайтарып берүүнү талап кылганда, шектүү физикалык коркутууларды колдонуп, өзүнүн жогорку жетекчилик менен байланыштарын жүйө келтирип, мүлктү кайтаруудан баш тарткан. Ал жолугушуулар учурунда ар кандай маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, өлкө жетекчилигинин үй-бүлөлүк сүрөттөрүн көрсөтүп сөзүн далилдөөгө аракет кылганы белгиленген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. С.У. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча