Жарнама

2025-жыл: Кыргызстан экономикалык өсүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди

29.12.25 | 16:20
2025-жыл: Кыргызстан экономикалык өсүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын кызматкерлеринин жалпы жыйынында 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жыйында Касымалиев Кыргызстандын ички дүң продуктусунун өсүшү 10 пайыздан ашканын белгилеп, өлкө экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына киргенин баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдагы негизги жетишкендиктер катары төмөнкүлөр белгиленди:

  • өлкөнүн ички дүң продуктусу 1,8 триллион сомго жетти;
  • консолидацияланган бюджет тарыхта алгач ирет 1 триллион сомдон ашты;
  • республикалык бюджет 34,3 миллиард сом профицит менен жыйынтыкталды;
  • биринчи жолу өнүктүрүүгө багытталган чыгымдар социалдык чыгымдардан жогору болду;
  • 341 инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди.

Өкмөттүн билдиришинче, бул көрсөткүчтөр өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана экономикалык потенциалынын жогорулаганын айгинелейт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча