Жарнама

Жумгал районунда оор жүк ташуучу унаа жеңил унааны кагып, жол кырсыгы болду

29.12.25 | 17:45
Жумгал районунда оор жүк ташуучу унаа жеңил унааны кагып, жол кырсыгы болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

27-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунда жол кырсыгы катталып, окуянын видеосу интернет желесине тарады.

Маалыматка ылайык, каргашалуу кырсык Байзак айылы менен Чаектин ортосунда болгон. Видеодон көрүнүп тургандай, оор жүк ташуучу унаа жеңил унааны жараксыз абалга келтирген. Күбөлөрдүн айтымында, жеңил унаада төрт жүргүнчү болгон.

Жерине «Тез жардам» кызматы жана ӨКМдин куткаруучулары барган. Ошондой эле кырсыкка туш болгон айдоочулар жардамга түшкөнү маалымдалды.

Айдоочулардын айтымында, кар жаагандан бери жол толук тазаланбай, муз болуп калган, бул болсо мындай кырсыктарга себеп болууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча